20.08.2022
Кароолор:39
Айыл турмушу: Таластык Жыргалбек уулу Тойчубек 15 жылдан бери көк бөрү ойнойт

Талас шаарынын 30 жаштагы тургуну Жыргалбек уулу Тойчубек 15 жылдан бери көк бөрү ойнойт. Аймактык кабарчы улакчы менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, учурда «Ынтымак» командасында оюнчу.
«Кичинемден эле көк бөрүгө болгон кызыгуум бар болгон. Үй-бүлөбүздө атайлап деле эч ким ойнобойт. Болгону өзүмдүн кызыгуум менен эле аралашып калгам. Азыр эстесем 15 жашымдан бери ат үстүндө экенмин. Башында кичинекей эле оюндарга чыгып жүрдүм. Бара-бара такшалып, командаларга кошулуп, чоң оюндарда ойной баштадым. Ар кандай командаларда ойноп, ийгилик жаратып келдим. Акыркы 2 жылдан бери «Ынтымак» командасындамын. Учурда 4-номурдагы форманын ээсимин.
Ар бир иште кыйынчылык болот. Болгону ошол нерсени жеңе билишибиз керек. Ал үчүн ынтымактуу команда болушу керек деп ойлойм. Мен деле башында кыйналгам, жаракат алгам, ойногум келбей, көк бөрү деген кыйын экен деп калгам. Бирок алдыга максат коюп, өз каалоом менен ойноп жаткандан кийин кыйынчылык болсо да чыдайм, буйруса ийгиликтер алдыда деп өзүмдү алаксытып, алдыга сүрөгөм. Азыр кудайга шүгүр, баары өз нугунда. Чоң ийгиликтерди жаратып келе жатабыз.
Оюнга даярдык көрүү учурунда ичкен ашымды жерге коюп чуркап жөнөйм. Үй-бүлөм колдоп турушат. Минип жүргөн күлүгүм 7 жашта. Аты — Сармат. Экөөбүз дагы көп ийгиликтерди багындырабыз деген үмүттөмүн. Команданын атайын саяпкери бар. Ал күлүктөргө баш-көз болуп турат. Ошол саяпкердин айтканы менен өзүбүз оюнга даярданабыз. Атты чуркатып, бастырып, убакыт-сааты менен жем, чөп, суусун берип, даярдык көрөбүз. Бул да болсо өзүнчө бир кесип», - деди ал.
Улакчы мырза 5 баланын атасы.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз