26.08.2022
Кароолор:70
Талас районундагы мектептерди оңдоо иштери аяктоодо

Талас районундагы мектептерди оңдоо иштери аяктоодо. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, облус жетекчиси Бакытбек Нарбеков Талас районуна атайын жумушчу иш сапары менен барды.
Алгач Көк-Ой айыл аймагындагы «Ынтымак» спорт залынын курулуш иштери менен таанышты. Спорт залдын жалпы сметалык баасы 14 миллион 500 миң сомду түзөт. Учурда курулуш иштеринин 95 пайызы аяктап, сентябрь айында пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө.
Облус башчысы 3 миллион 600 миң сомго түрткү берүүчү грант аркылуу эшик-терезелери алмаштырылып, жаңыртылган Т.Кушчубаева атындагы Көк-Ой орто мектебиндеги иштер менен таанышты. Андан соң Нуржанов айыл аймагынын Көк-Токой айылындагы «Келечек» балдар бакчасына кошумча ашкана куруу иштери менен таанышты. Долбоор өнүктүрүү фонду аркылуу 3 миллион 233 миң 900 сомго ишке ашууда. Курулуш иштерин октябрь айында аяктоо пландалууда.
Ошондой эле аталган айылдагы Шекербек Шеркулов атындагы орто мектебинин курулуш иштери жүрүп жатат. Аталган мектеп республикалык бюджеттин эсебинен салынууда.
Жоон-Арык айылындагы күрөш залын толук капиталдык ремонттон өткөзүү теңдөөчү гранттын атайын долбоору аркылуу 3 миллион 302 миң 400 сомго ишке ашууда. Курулуш иштерин 1-ноябрга карата бүткөрүү пландалууда.
Калба айыл аймагы А.Солтонов атындагы орто мектеби оңдолуп жатат. Иштер демөөрчүлөр тарабынан 19 миллион сомго каржыланган.
Долоно айыл аймагына караштуу Орто-Арык айылындагы Ш.Нурбаев орто мектебинин жылуулук системасын жаңыртуу иши жүрүүдө. Аталган максаттарга Талас райондук өнүктүрүү фондунан 596 миң сом бөлүнүп берилген.
Кара-Суу айылындагы «Бермет апа» балдар бакчасына кошумча корпусунун курулуш иштери жүрүп жатат. Аталган максаттарга өнүктүрүү фондунан 2 миллион 738 миң 811 сом бөлүнүп берилген.
Өмүралиев айыл аймагындагы Оторбаев орто мектебинин бир корпусун капиталдык ремонт иштери жүрүп, долбоор өнүктүрүү фонду аркылуу 1 миллион 039 миң 809 сомго каржыланган.
Осмонкулов айыл аймагындагы М.Туйтунов атындагы Бакай-Таш орто мектебинин терезелери пластик айнекке алмаштырылууда. Долбоор, түрткү берүүчү гранттын жана өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган. Ошондой эле, аталган айыл аймагындагы «Сатай» спорт мектебине демөөрчүлөр тарабынан спорттук жабдыктар алынып берилген.
«Көпүрө-Базар» балдар бакчасынын айнек терезелерин алмаштыруу иштери аткарылууда. Долбоор үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен 2 миллион 431 миң 515 сомго ишке ашырылган. Анын ичинен 367 миң 277 сом өздүк салым болуп эсептелет.
Жаңы-Арык каналынын 600 метр жеринде жүргүзүлгөн бетондоо иштери менен таанышты. Долбоор Талас райондук өнүктүрүү фонду тарабынан 3 миллион 3473 сомго каржыланган.
Р. Айдаралиев орто мектебинин жылытуу системасы жаңылоо иштерине 3 миллион 069 миң 419 сом сарпталууда. Бул акча өнүктүрүү фонду аркылуу каржыланууда. Аталган айылдагы үй-үбөлүк дарыгерлер пунктуна 566 миң 400 сомго заманбап стоматологиялык аппарат алынган.
Арал айылындагы М.Сейталиев орто мектебинин толук капиталдык ремонттон өткөрүү жана кошумча 2 класстын курулуш иштери жүрүүдө. Аталган максаттарга өнүктүрүү фондунан 4 миллион 97 миң 560 сом бөлүнүп берилген.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз