20.08.2022
Кароолор:41
Жаш талант: 15 жаштагы балбан Медер грек-рим күрөшү боюнча ийгиликтерди жаратып жатат

Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылынын 15 жаштагы тургуну Медер Муратбеков грек-рим күрөшү боюнча мелдештерде алдыңкы орундарды ээлеп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, учурда 9-классты аяктап жатат.
«Грек-рим күрөшү менен машыгып келем. Спорт менен машыкканыма 3 жылдын жүзү болду. Машыгуума апамдын түрткүсү чоң. Апам күрөшкө алып барчу. Күндө 2,5-3 саат машыгам.
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген машыктыруучусу Мырзакметов Сабит агайдын жаркын элесине арналган турнирде 52 кг салмакта 1-орунду ээлегем. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Исмаилов Камбардын турниринде да 60 кг салмакта 1-орунду ээлегем. Кийин Талас шаардык кеңештин депутаттарынын кубогунда 68 кг салмакта 3-орунду ээледим. Ал эми жакында эле Сүлүктү шаарында өткөн турнирде командабыз менен бирге 3-орунду ээледик. Сүлүктү шаарына барганыбызда бизди аябай жакшы тосуп алышты.
Кыргызстандын чемпиону болуп, дүйнөнү дүңгүрөткөн Олимпиада оюндарына катышып, Кыргызстандын желегин желбиретсем деген максаттарым бар.
Үй-бүлөдө уулу эжем бар. Ата-энем да кызыгуума колдоо көрсөтүп турушат», - деди ал.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз