15.05.2023
Кароолор:235
Жер тилкелерине конкурс өткөрүү боюнча
Жарыя !
Талас райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкү жер тилкелерине конкурс өткөрөт:
- Калба аймагынын административдик чегиндеги “Жалпак-Коо” участогунун № 868 чөйрө сызыгындагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын курулуш алдындагы жерлер түрүнөн аянты 0,20 га жер участогу айыл чарбасын өнүктүрүү максатында короо-сарай жана турак жай куруу үчүн 49 (кырк тогуз) жылдык мөөнөткө ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүү боюнча конкурска коюлат, баштапкы ижара акынын суммасы 620, 4 сом;
2. Айдаралиев айыл аймагынын административдик чегиндеги “Ак-Таш”
участогунун № 206 чөйрө сызыгындагы “Айыл чарба багытындагы жерлер”
категориясынын курулуш алдындагы жерлер түрүнөн аянты 0,10 га жер участогу
айыл чарбасын өнүктүрүү максатында короо-сарай жана турак жай куруу үчүн
49 (кырк тогуз) мөөнөткө ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүү боюнча
конкурска коюлат, баштапкы ижара акынын суммасы 310,2 сом;
- Өмүралиев айылдык аймагынын административдик чегиндеги “Присельный” участогунун № 498 чөйрө сызыгындагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын токой жерлер түрүнүн өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер түрүнөн аянты 0,20 га жер участогу айыл аймактын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында, соода түйүн жана унаа тейлөөчү жай куруу үчүн 49 (кырк тогуз) жылдык мөөнөткө ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүү боюнча конкурска коюлат, баштапкы ижара акынын суммасы 620, 4 сом.
Конкурс 2023-жылдын 27-июнунда саат 10:00 дө, Көк-Ой айылы Манас көчөсү
№ 99 Талас райондук мамлекттик администрациясынын имаратынын жыйындар залында (ТРМА) өтөт.
Конкурска катышууга жарандардын арыздары ТРМАнын реалдуу секторунда
2023-жылдын 26 -июнь күнү саат 18:00 гө чейин кабыл алынат.
Кепилдик төгүмдүн (шертпулдун) суммасы 1000 сомдон, төлөө мөөнөтү 2023-жылдын 26-июнь күнү саат 12:00 чейин, банктын маалым дареги: Талас райондук мамлекеттик администрациясынын депозиттик эсеби: 4406042100006858 БИК 440001 ИНН 01305199510042 элементи 14511900
Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүү боюнча райондук комиссиясы:
Байланыш телефондору: 03422 5 84 02; 5-84 06.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз