22.11.2023
Кароолор:186
Жер тилкелерине конкурс өткөрүү боюнча
Жарыя !
Талас райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкү жер тилкелерине конкурс өткөрөт:
- Айдаралиев айылдык аймагынын административдик чегиндеги “Күрүчбек”
участогунун № 1 чөйрө сызыгындагы “Айыл чарба багытындагы жерлер”
категориясынын курулуш алдындагы жерлер түрүнөн аянты 0,12 га жер тилкеси
кашар жана чабан үйүн куруу үчүн 49 (кырк тогуз) жылдык мөөнөткө ижара
шартында убактылуу пайдаланууга берүү боюнча конкурска коюлат,ижара акынын
баштапкы суммасы 372,24 сом;
2. Айдаралиев айыл аймагынын административдик чегиндеги “ Ак-Шай”
участогунун № 2 чөйрө сызыгындагы “Айыл чарба багытындагы жерлер”
категориясынын курулуш алдындагы жерлер түрүнөн аянты 0,12 га жер тилкеси
кашар жана чабан үйүн куруу үчүн 49 (кырк тогуз) жылдык мөөнөткө ижара
шартында убактылуу пайдаланууга берүү боюнча конкурска коюлат, ижара
акынын баштапкы суммасы 372,24 сом;
3. Айдаралиев айыл аймагынын административдик чегиндеги “Казак-Жол”
участогунун № 38 чөйрө сызыгындагы “Айыл чарба багытындагы жерлер”
категориясынын курулуш алдындагы жерлер түрүнөн аянты 0,10 га жер тилкеси
кашар жана чабан үйүн куруу үчүн 49 (кырк тогуз) жылдык мөөнөткө ижара
шартында убактылуу пайдаланууга берүү боюнча конкурска коюлат, ижара акынын
суммасы 310,2 сом;
Конкурс 2024-жылдын 5-январында саат 11:00 дө, Көк-Ой айылы Манас көчөсү
№ 99 Талас райондук мамлекттик администрациясынын имаратынын жыйындар залында (ТРМА) өтөт.
Конкурска катышууга арыздар ТРМАнын уюштуруу секторунда, 2024-жылдын,
4 –январь күнү саат 18:00 гө чейин кабыл алынат.
Кепилдик төгүмдүн (шертпулдун) суммасы 1000 сомдон, төлөө мөөнөтү 2024-жылдын 4-январь күнү саат 12:00 гө чейин, банктын маалым дареги: Талас райондук мамлекеттик администрациясынын депозиттик эсеби: 4406042100006858 БИК 440001 ИНН 01305199510042 элементи 14511900
Конкурсту уюштуруучулардын байланыш телефондору: 03422 5 84 02; 5 84 06
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз